Эрдоган ата мекендик-улуттук технологиялардын үлүшүн арттырууга басым жасай тургандарын айтты

Президент Эрдоган, Стамбул аэропортунун Кагытхане-Гайреттепе этабынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

2094662
Эрдоган ата мекендик-улуттук технологиялардын үлүшүн арттырууга басым жасай тургандарын айтты

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кайсы тармак болбосун ишке ашырылган ар бир долбоордо ата мекендик-улуттук технологиялардын үлүшүн арттырууга басым жасай тургандарын билдирди.

Стамбул аэропортунун Кагытхане-Гайреттепе этабынын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, Стамбулдун жол жүгүн жеңилдете турган дагы бир долбоорду ишке ашырып жаткандарына кубанычта экендиктерин айтты.

Стамбул аэропортунун Кагытхане метросун өткөн жылы ачкандарын эске салган Эрдоган, бүгүн бул линияны Гайреттепеге туташтырган Кагытхане-Гайреттепе бөлүгүн ачып, Стамбул аэропорту менен Гайреттепенин ортосунда үзгүлтүксүз метро транспортун камсыздагандарын белгиледи.

Эрдоган бул линиянын ишке кириши менен Стамбулда бүткөрүлгөн рельс системасы тармактарынын узундугу 338,5 километрге жеткенин айтты.

Стамбул аэропортунун метро линиясынын бардык процесстерин ата мекендик инженердик жана долбоорлоо тажрыйбасы менен ишке ашырууга сыймыктанышканын баса белгилеген президент: «Мындан ары кайсы тармакка карабай ишке ашырган ар бир долбоордо ата мекендик-улуттук технологиялардын үлүшүн көбөйтүүгө басым жасайбыз. Коргоо өнөр жайы баш болгон өзгөчө технологияга байланыштуу бардык темаларда толук көз карандысыз Түркия максатына жеткенге чейин чечкиндүү түрдө иштейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар