7 облуста «Баатырлар-47» операциясы

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2094510
7 облуста «Баатырлар-47» операциясы

Жикчил террордук уюм ПККнын кышкы түзүлүшүнө бөгөт коюу максатында 7 облуста «Баатырлар-47» операциясы уюштурулду.

Ички иштер министри Али Йерликая Мардин, Битлис, Шырнак, Батман, Сиирт, Тунжели жана Диярбакырда жүргүзүлгөн «БААТЫРЛАР-47» операциясына байланыштуу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

Террордук уюм ПККнын кышкы түзүлүшүнө бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн операцияга 1 миң 174 кызматкер менен жандармерия куралдуу учкучсуз аппараты жана АТАК тик учактарынын катышканын айткан министр Йерликая, операцияда 28 баш калкалоочу жайдын жок кылынганын, көп сандаган ракета аткычтар, узун стволдуу мылтыктар, кол гранаталары менен 159 килограмм жарылуучу заттын колго түшүрүлгөнүн маалымдады.

Террорго каршы күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсүн берген министр Йерликая: «Террордук уюм даярдаган уюктар бир бирден аныкталып жок калынды»,-деди.



Тектеш кабарлар