Швециянын НАТОго кошулуу протоколунун долбоору Түркия Парламентинде кабыл алынды

Парламенттин Жалпы кеңешинде Швециянын Түндүк Атлантика келишимине (НАТО) кошулушу жөнүндөгү протоколду бекитүү жөнүндөгү долбоорун талкуулоо аяктады.

2092552
Швециянын НАТОго кошулуу протоколунун долбоору Түркия Парламентинде кабыл алынды

Швециянын НАТОго кошулуу протоколунун бекитилишин ылайыктуу деп тапкан  мыйзам долбоору Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) Жалпы кеңешинде кабыл алынды.

Парламенттин Жалпы кеңешинде Швециянын Түндүк Атлантика келишимине (НАТО) кошулушу жөнүндөгү протоколду бекитүү жөнүндөгү долбоорун талкуулоо аяктады.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда добуш берүүгө катышкан 346 эл өкүлүнүн 287синин «макул» добушу менен сунуш кабыл алынып, мыйзам күчүнө кирди. Сунушка 55 эл өкүлү «каршы» добуш берсе, 4 эл өкүлү «калыс» добушун берди.

Түркиядан кийин бардык көңүл Швециянын НАТОго катышуусуна макулдук бериши керек болгон дагы бир өлкө Венгрияда.

НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын президенти Михал Щерба өзүнүн Xплатформасындагы  кайрылуусунда НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын түрк делегациясына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип: «Венгрия Улуттук Ассамблеясындагы кесиптештеримди кошулуу процессин мүмкүн болушунча тезирээк аягына чыгарууга жардам берүүгө чакырам»,-деп айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын чечимин кубаттаганын жана Венгриянын бекитүү процессинин эң кыска мөөнөттө бүткөрүшүнө ишенгенин билдирди.

Столтенберг: «НАТОнун бардык союздаштары Вильнюстагы саммитте Швецияны биздин шериктештикке кошулууга чакырууга макул болушту жана Швеция өзүнө алган милдеттенмелерин аткарды. Швециянын мүчөлүгү НАТОну күчтүүрөөк жана баарыбызды коопсуз кылат»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар