Реиси бүгүн Түркияга келет

Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта орун алды.

2092523
Реиси бүгүн Түркияга келет

Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Реиси президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн Түркияга расмий сапар менен келет.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта сапардын алкагында Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги Кызматташтык Кеңешинин сегизинчи жыйыны борбор шаар Анкарада президент Эрдоган жана Реисинин жетекчилигинде өткөрүлөрү белгиленди.

Маалыматта жолугушууда Түркия-Иран карым-катнаштарынын бардык аспектилери карала турганы жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдардын сүйлөшүлөрү белгиленди.

Жыйналыштын алкагында «Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштардан тышкары, актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер, өзгөчө Израилдин Газага жана басып алынган Палестина аймактарына кол салуулары боюнча пикир алмашуу болот. Ошондой эле мамилелердин келишимдик негиздерин чыңдоого багытталган түрдүү документтерге кол коюлушу да күн тартибинде» экени белгиленди.



Тектеш кабарлар