Алтундан палестиналык кабарчыга куттуктоо...

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) Стамбулда уюштурган «TRT World Citizen» аземинде Мотаз Азаиза коммуникация сыйлыгына татыктуу деп табылды.

2091734
Алтундан палестиналык кабарчыга куттуктоо...

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун «TRT World Citizen» аземинде сыйлыкка татыктуу болгон палестиналык фотожурналист Мотаз Азаизаны куттуктады.

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) Стамбулда уюштурган «TRT World Citizen» аземинде Мотаз Азаиза коммуникация сыйлыгына татыктуу деп табылды.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун палестиналык фотожурналист үчүн куттуктоо катын жарыялады.

Азаизанын Израилдин кол салуусу астында болгон Газада болгондорду дүйнөгө айтуусунун маанисине басым жасаган Алтун:« Урматтуу Мотаз Азаиза, сиздин ишиңизге жана Газада болуп жаткан геноцид тууралуу дүйнөнүн маалымат алуу укугун жогору коюп иштегендигиңиз жана берилгендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз», - деди.

Газада Израиль тарабынан өлтүрүлгөн журналисттерди эске салган Алтун:« «Адамзаттын маалымат эркиндиги үчүн өзгөчө Газада өлтүрүлгөн 119 журналист тууралуу эгерде сиздин катышууңуз жана оор шарттарда адамдан тышкаркы аракеттериңиз болбогондо, дүйнө болуп жаткан окуялардан азыраак кабардар болмок, массалар чара көрө алмак эмес жана андан да чоң азаптар болмок», - деди.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Мен ар бир газалыктын сиздей үй-бүлөсү менен тынчтыкта ​​болушун каалайм жана сизди бир тууган катары сыйлыгыңыз менен куттуктайм»,- деп Мотаз Азаизаны куттуктады.



Тектеш кабарлар