Мицотакис Түркия менен карым - катнаштар тууралуу билдирди

Грециянын премьер  - министри Кирякос Мицотакис  Түркия менен оң маанайды бекемдөөгө аракет кылышарын айтты.

2090837
Мицотакис Түркия менен карым  - катнаштар тууралуу билдирди

Грециянын премьер  - министри Кирякос Мицотакис  Түркия менен оң маанайды бекемдөөгө аракет кылышарын айтты.

Кирякос Мицотакис  Швейцариянын Давос шаарындагы Дүйнөлүк Экономикалык форумдун негизинде сүйлөгөн сөзүндө өткөн жылы Түркияда болгон жер титирөөдөн кийин Греция менен Түркиянын ортосундагы карым  - катнаштарда жумшаруунун болгондугун белгиледи.

Бул абалдын уланып жаткандыгын айткан Мицотакис : «Оптимист болуу менен өлкөлөрүбүз таштаган оң кадамдарды дагы да бекемдегим келет»,- деди.

Мицотакис эки өлкөнүн ортосундагы деңиз юрисдикцияларынын чек араларын чийүү маселесинин чечиле электигин жана бул маселеге карабастан бирдикте жанаша жашап,  оң күн тартибине көңүл буруу керектигин айтты.



Тектеш кабарлар