Түркиянын биринчи космос саякатчысы мүчө болгон Ax-3 миссиясы 19-январга жылдырылды

Министр Кажыр, X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Түркиянын биринчи адам башкарган космостук саякатынын кийинкиге жылдырылганын билдирди.

2090097
Түркиянын биринчи космос саякатчысы мүчө болгон Ax-3 миссиясы 19-январга жылдырылды

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркиянын биринчи космос саякатчысы Алпер Гезеравжынын мүчө болгон Ax-3 миссиясынын 19-январга жылдырылганын жарыялады.

Министр Кажыр, X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө Түркиянын биринчи адам башкарган космостук саякатынын кийинкиге жылдырылганын билдирди.

Министр Кажыр: «Биринчи космонавтыбыз Алпер Гезеравжы да катыша турган учуруу кийинкиге жылдырылды. Максатталган учуруу убактысы 2024-жылдын 19-январы Түркия убактысы боюнча саат 00.49. Бул мезгилде учуруу алдындагы техникалык текшерүүлөрдүн бүткөрүлүшү пландалууда. Биздин космонавт Гезеравжынын бул тарыхый миссиясын ийгиликтүү аткаруусун толкундануу менен күтүүнү улантабыз»,-деди.

SpaceX өзүнүн X социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө,Эл аралык космос станциясына (ЭКС) бүгүн аткарылышы пландалган Ax-3 миссиясынын АКШнын жергиликтүү убактысы боюнча 18-январга жылдырылганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар