Хакан Фидан Амманда ас-Сафади менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү

Хакан Фидан, расмий сапар менен барган Иорданияда вице-премьер жана тышкы иштер министри Аймен ас-Сафади менен борбор шаары Амманда өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2090457
Хакан Фидан Амманда ас-Сафади менен биргелешкен  маалымат жыйынын өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин Палестинага кол салууларына байланыштуу: «Коопсуздугу коркунуч алдында болгон чындыгында Израиль эмес, тескерисинче палестиналыктар жана аймактагы өлкөлөр»,-деди.     

Хакан Фидан, расмий сапар менен барган Иорданияда вице-премьер жана тышкы иштер министри Аймен ас-Сафади менен борбор шаар Амманда өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Израилдин 7-октябрдан бери уланып жаткан жана 24 миңден ашуун палестиналыктын өмүрүн алган Газа тилкесине кол салууларын коопсуздук шылтоосу үчүн мыйзамдаштыруу аракетинин кабыл алынгыс экенин айткан Фидан: «Израилдин өз коопсуздугун камсыз кылуу шылтоосу менен жасап жаткан иштери экспансионизм жана оккупациядан башка эч нерсе эмес»,-деди.

Фидан ар бир согуштан жана кризистен кийин Израилдин территориясынын кеңейишинин мунун эң конкреттүү далили экенине көңүл буруп: «Израиль Батыш Шериада отурукташуу жери деп атаган оккупациялык аракеттери менен да палестиналыктардын жерин уурдап жатат. Ачык айталы, коопсуздугуна коркунуч жаралган Израиль эмес, палестиналыктар жана аймактагы өлкөлөр. Бүткүл дүйнө бул чындыкты көрүшү керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар