Президент Эрдоган билдирүү жасады

Эрдоган Түркиянын чечкиндүү түрдө жүргүзүп жаткан террорду өз булагында жок кылуу стратегиясынын аймакта террористан курууну пландап жаткандардын тынчын алганын айтты.

2089517
Президент Эрдоган билдирүү жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Коопсуздук бөлүктөрүбүзгө, жанында, аймагында же артында ким турганына карабастан аныкталган бардык террордук элементтерди жок кылуу буйругун бердик», - деди.

Президент Эрдоган кабинет жыйынынан кийин билдирүүлөрдү жасады.

Түркиянын чечкиндүү түрдө жүргүзүп жаткан террорду өз булагында жок кылуу стратегиясынын аймакта террористан курууну пландап жаткандардын тынчын алганын айткан Эрдоган: «Жикчил террордук уюм ПККны курал-жарак, ок-дары, машыгуу жагынан колдоо көрсөтүп күчтөндүрүү аракети ылдамдады»,-деп айтты.

Чек аранын тышындагы операциялардын Түркияны мыйзамсыз миграция толкуну аркылуу ички башаламандыкка тартууну көздөгөн пландарды да жок кылганын баса белгилеген президент: «Биз коопсуздук бөлүктөрүбүзгө жанында, аймагында же артында ким турганына карабастан алар аныктаган бардык террордук элементтерди жок кылууну тапшырдык»,- деди.

Империалисттердин Иракта жана Сирияда «террористан» куруу пландары үстөлдө турган сайын, эч бирибиз өзүбүздү коопсуз сезе албайбыз», - деген президент Эрдоган: «(Терроризмге каршы күрөш) Алдыдагы айларда ким эмне дегенине же коркутууларга карабастан ушул багытта жаңы кадамдарды таштайбыз. Бул аймактагы операцияларыбыз, террордук кол салуулардын булагы болгон Түндүк Ирак тоолорунун ар бир кадамы коопсуз кылынмайынча уланат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар