Лиссабон - Стамбул каттамдарында 2 миллионунчу жүргүнчүгө жетти
Түрк аба жолдору Лиссабон - Стамбул каттамдарында 2 миллионунчу жүргүнчү болгон Ана Рита Гаспар Соарешти атайын азем менен тосуп алып торт кести.
2089224
Түрк аба жолдору Лиссабон - Стамбул каттамдарында 2 миллионунчу жүргүнчүгө жетти.
Лиссабон - Стамбул каттамында 2005 - жылы түздөн - түз каттамдар менен башталган түрк аба жолдору бул кезге чейинки каттамдарда жүргүнчү санын 2 миллионго жеткендигин белгиледи.
Эл аралык Лиссабон аэропортунда майрам уюштурган түрк аба жолдору Лиссабон - Стамбул каттамдарында 2 миллионунчу жүргүнчү болгон Ана Рита Гаспар Соарешти атайын азем менен тосуп алып торт кести.
Майрамга таң калган португалиялык Соарешке түрк аба жолдорунан эки кишилик Лиссабон-Стамбул каттамы үчүн барып - келүү билети белекке берилди.