Улуттук чалгындоо уюму ПКК/ЙПГга таандык стратегиялык бутага сокку урду

2013-2014-жылдары террордук уюм ДЕАШты каржылаганы аныкталган Лафарждын мекемеси жайгашкан кампусту дагы бир террордук уюм ПКК/ЙПГ да 2015-жылдан бери аскердик штаб катары колдонууну улантты.

2088977
Улуттук чалгындоо уюму ПКК/ЙПГга таандык стратегиялык бутага сокку урду

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Сириянын түндүгүндөгү Халебдин Айнулараб районунда француз цемент фирмасы Lafarge жайгашкан кампустун бир бөлүгүнө жайгаштырылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга таандык стратегиялык бутага сокку урду.

2013-2014-жылдары террордук уюм ДЕАШты каржылаганы аныкталган Лафарждын мекемеси жайгашкан кампусту дагы бир террордук уюм ПКК/ЙПГ да 2015-жылдан бери аскердик штаб катары колдонууну улантты.

MİT жекшемби күнү түштө Айнуларабдын түштүгүндөгү кампустун бир бөлүгүндө ПКК/ЙПГ террористтерине таандык пунктту бутага алды.

Акыркы үч күндө MİT ошондой эле жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Халеб, Хасеке жана Раккада террор борборуна айландырган маанилүү инфраструктура объектилери жана жол көзөмөл пункттары да болгон ондогон буталарды жок кылды.

Хасекенин Румейлан шаарындагы Авде мунай кени, Камышлыдагы Али Ферро жолундагы жикчил террордук уюмдун башкы кеңсеси, ПКК/ЙПГнын Кахтанийе, Маликийе жана Румейландагы террордук иш-аракеттерине каражат берген мунай жана жаратылыш газ объектилерине сокку урулду.

Бутага алынган ПКК/ЙПГ объектилеринин айрымдарынын астында уюмдун туннель желесинин кирүү жана чыгуу жерлери орун алган.

Анадолу агенттиги (AA) 2021-жылдын 7-сентябрында француз компаниясы Лафарждын террордук уюму ДЕАШты француз чалгындоосунун маалыматы менен каржылаганын тастыктаган документтерди жарыялап, бул документтер дүйнөгө кеңири тараган.



Тектеш кабарлар