Алтун 10-январь Эмгектеген журналисттер күнүнө карата кайрылуусун жарыялады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин 10-январь Эмгектеген журналисттер күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.

2086849
Алтун 10-январь Эмгектеген журналисттер күнүнө карата кайрылуусун жарыялады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун журналисттердин Израилдин Газадагы кыргынына байланыштуу кабар алуу укугунан ажыратылганын айтты.

Фахреттин Алтун 10-январь Эмгектеген журналисттер күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.

Алтун маалымат каражаттарынын өлкө жана дүйнө күн тартиби тууралуу реалдуу маалыматтарды жеткирүүдөгү маанисине басым жасап: «ММК демократиянын ажырагыс элементтеринин бири»,-деп айтты.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын эл аралык жетишкендиктерин жарыялоодо медиа өкүлдөрүнүн маанилүү ролду ойноорун белгиледи.

Дезинформациялык кампанияларга көңүл бурган Алтун: «Этиканы жана журналисттик принциптерди карманган журналисттерди биз эң күчтүү негиздерибиздин бири деп эсептейбиз», - деди.

Фахреттин Алтун Израилдин Газага кол салууларында 100дөн ашуун журналисттин каза болгонун айтты.

Газадагы журналисттердин кабар алуу мындай турсун, жашоо укугунан да ажыратылганын белгилеген Алтун, Коммуникация башкармалыгынын катары басма сөз кызматкерлерине кесиптик жашоосун жеңилдетүү үчүн колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын баса белгиледи.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун:«Тактык, акыйкаттык жана объективдүүлүктү бузбаган бардык журналисттерди 10-январь Эмгектенген журналисттер күнү менен куттуктайм»,-деди .



Тектеш кабарлар