Террор менен күрөш уланууда

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасалды.

2085761
Террор менен күрөш уланууда

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККга мүчө эки террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел-Кулпу" операциясы аймагында аныкталган эки ПКК террористи десанттарыбыз тарабынан жок кылынды. Кайда болсо да террордук уюм ПККга каршы күрөшүбүз акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат!...» деген сөздөр камтылды.

Министрликтин мурунку билдирүүсүндө да, Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» жана «Тынчтык булагы» аймагында кол салууга даярданып жаткан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 5 террористтин таасирсиз кылынганы белгиленген.



Тектеш кабарлар