Сарыкамыш операциясын эскерүү жүрүштөрү

Карстын Сарыкамыш районунда Сарыкамыш операциясынын 109-жылдыгын эскерүү иш-чараларынын алкагында жөө жүрүш өткөрүлдү.

2085267
Сарыкамыш операциясын эскерүү жүрүштөрү
sarikamis harekati yuruyus1.jpg
sarikamis harekati yuruyus.jpg

Карстын Сарыкамыш районунда Сарыкамыш операциясынын 109-жылдыгын эскерүү иш-чараларынын алкагында жөө жүрүш өткөрүлдү.

Программа 1-Дүйнөлүк согушта Орусия басып алган жерлерди бошотуу үчүн Осмон дөөлөтүнүн Энвер паша командирлигиндеги аскерлер баштаган Сарыкамыш операциясынын 109-жылдыгын эскерүү иш-чараларынын алкагында уюштурулуп, жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак, үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ, Карс губернатору жана мэрдин орун басары Зия Полат жана көп сандаган саясатчы жана бюрократ катышты.

Өлкө ичинен жана чет өлкөдөн жаш-кары дебей көптөгөн жарандар аба ырайынын суугуна карабай таңга жуук «Бул жерде уруксат бар» жана «Түркия шейиттери менен жүрүштө» темасындагы иш-чарага катышуу үчүн Соганлы менен Аллахуекбер тоолорунун ортосундагы Кызылчубук чокусуна келип жолугушту.

Бул жерде колдорунда түрк желектери менен миңдеген адам Курани Карим окуп, шейиттер үчүн такбир жана салават айтып дуба кылышты, андан соң Ай-Жылдыз аземи аянтын көздөй басышты.

Жүрүштө 100 метрлик түрк желеги көтөрүлдү.



Тектеш кабарлар