Эрдоган:«Газалык боордошторубуз үчүн жүрөгүбүз сыздап турган мезгилдебиз»

Президент Эрдоган Стамбулдагы Халич конгресс борборундагы партиясынын Талапкерлерди көтөрүү жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газадагы кол салууларына токтолду.

2085293
Эрдоган:«Газалык боордошторубуз үчүн жүрөгүбүз сыздап турган мезгилдебиз»

 

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Таййип Эрдоган, Газада дагы көп кан төгүп, жан алып, балдарды өлтүрүп жеңишке жетем деп ойлогондордун эртеби-кечпи кудайдын адилеттүүлүгүнө туш болоорун айтты.

Президент Эрдоган Стамбулдагы Халич конгресс борборундагы партиясынын Талапкерлерди көтөрүү жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Израилдин Газадагы кол салууларына токтолду.

«Израилдин зордук-зомбулуктарына дуушар болгон Газалык боордошторубуз үчүн жүрөгүбүз сыздап турган мезгилдебиз»,-деп айткан Эрдоган Израилдин жапайы кол салууларында шейит болгон 23 миң палестиналыкка Аллахтын ырайымын тиледи.

Эрдоган мындай деди: «Газада дагы көп кан төгүп, жан алып, балдарды өлтүрүп жеңишке жетем деп ойлогондор эртеби-кечпи кудайдын адилеттүүлүгүнө туш болушат. Биз бул процессте залимдерди мыйзам алдында жоопко тартууга болгон аракетибизди жумшайбыз. кайрылбайбыз. Бирөөлөр каалап жатат деп биз эч качан эзилгендерге аркабызды салбайбыз. Палестиналык бир туугандарыбыздын жанында тик турабыз».



Тектеш кабарлар