Улуттук Чалгындоо Уюму ПККга карата операция жүргүздү

Операцияда  ПКК/ЙПГ террористи Садык Шейх Ахмет жок кылынды.

2084127
Улуттук Чалгындоо Уюму ПККга карата операция жүргүздү

Улуттук Чалгындоо Уюму Иракта курган чалгындоо желеси аркылуу жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүн бутага алууну улантууда.

Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө Түркияга каршы операция пландаган Эриш Берксведан каймана аттуу   ПКК/ЙПГ террористи Садык Шейх Ахметтин Сулайманиенин Пенчевин айылына операция жасаганы аныкталды.

Улуттук Чалгындоо Уюмунун операциясы менен террорист Садык Шейх Ахмет жок кылынды. 

Террорист Садык Шейх Ахмет  Сирияда көп убакыт уюм үчүн түрдүү кызматтарда иш алып барган. Андан кийин Иракка өткөн террорист акыркы жолу ПКК/ЙПГнын Ирак  -  Иран чек арасында ПКК/ЙПГ уюмунун жогорку деңгээлдеги мүчөлөрү  менен бирге кыймыл кылып жаткан.

 



Тектеш кабарлар