Түркиянын Монтрё билдирүүсү

Улуттук коргоо министрлигинде (УКМ) жумалык маалымдоо жыйыны болуп өттү.

2084445
Түркиянын Монтрё билдирүүсү

Түркия Улуу Британиянын Украинага жиберүүнү каалаган мина уулоочу кемелердин Босфор кысыгынан өтүшүнө уруксат берилген деген дооматтарды четке какты.

Улуттук коргоо министрлигинде (УКМ) жумалык маалымдоо жыйыны болуп өттү.

Жасалган маалыматтандырууда: «Түркиянын Англия тарабынан Украинага жиберилген мина уулоочу кемелердин Босфор кысыгынан өтүшүнө уруксат берүү менен Монтрёге карама-каршы аракет кылгандыгы тууралуу дооматтар чындыкты чагылдырбайт»,-деп айтылды.

Маалымдоодо,« Түркия согуш башталгандан бери уланып жаткан абалды согуш катары сыпаттап, актуалдуу чараларды көргөн биринчи өлкө болду. Буга байланыштуу Түркия 1936-жылдан бери кылдаттык менен ишке ашырып келген Монтрё кысыктар конвенциясына ылайык согушуп жаткан тараптардын кысыктардан өтүшүн токтотту. Ушул алкакта согушуп жаткан тараптардын желектерин ташыган согуштук кеменин согуш башталгандан бери кысыктан өтүшүнө уруксат берилген жок. Ошол эле учурда Түркия согуштун башынан бери бейтарап позициясын сактап келген. Биз калыс позициябызга зыян келтире турган ар кандай айыптоолорду таптакыр четке кагабыз»,деген билдирүүлөр камтылган.



Тектеш кабарлар