Террор менен күрөш уланууда...

Ички иштер министри Али Йерликая операциянын чоо-жайын социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

2082525
Террор менен күрөш уланууда...

Ирактын түндүгүндө 2 ПКК террористи жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө, «Террордук уюм ПККга каршы операцияларыбыз чечкиндүүлүк менен уланууда. Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында аныкталган 2 ПКК террористи Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан жок кылынды. Аймактагы акыркы террорист жок кылынганга чейин операцияларыбыз токтобой уланат»,-делди.

Мардиндин Нусайбин элет жеринде жүргүзүлгөн операцияда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 тероррист жок кылынды. Алардын бирөө жашыл категорияда, бирөө боз категориядагы террористтер болгон.

Ички иштер министри Али Йерликая операциянын чоо-жайын социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

Мардиндин Нусайбин районунун Багок элет жеринде жүргүзүлгөн операцияга жандармериянын атайын операциялык топтору, жандармериянын десанттары жана коопсуздук коргоочуларынан турган атайын топтор катышты.

Аба күчтөрү командирлиги жана жандармериянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары тарабынан колдоого алынган операцияда жашыл категорияда издөөдө жүргөн Делил Бал, боз категорияда издөөдө жүргөн Ислам Өлчай жана Сирия улутундагы Раман Локман аттуу террористтер таасирсиз кылынды.

Террористтердин 2015-2023-жылдар аралыгында 10 террордук кол салууда 2 аскер жана 2 жаранды шейит кылганы, 14 аскерди жарадар кылганы аныкталды.

Али Йерликая билдирүүсүндө : «Шейиттерибиздин каны текке жерде калбайт, акыркы террорист таасирсиз кылынганга чейин чечкиндүүлүк менен күрөшүбүздү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар