Эрдоган Алиевди туулган күнү менен куттуктады

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда президент Эрдоган, кайрылуусунда Алиевди туулган күнү менен өзүнүн жана түрк элинин атынан куттуктап, ден-соолук жана бакытка толгон узун өмүр каалады.

2080169
Эрдоган Алиевди туулган күнү менен куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевди туулган күнү менен куттуктады.

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда президент Эрдоган, кайрылуусунда Алиевди туулган күнү менен өзүнүн жана түрк элинин атынан куттуктап, ден-соолук жана бакытка толгон узун өмүр каалады.

Эрдоган билдирүүсүндө Азербайжандын Алиевдин жетекчилигинде ырааттуу ийгиликтерге жетишип, эл аралык масштабда барган сайын жоголрулаган аброю менен сыймыктана турганын белгилеп:«Түркия менен Азербайжандын ортосундагы «эки мамлекет, бир улут» ураанына негизделген өзгөчө бир туугандык жана тилектештик байланыштары бүгүнкүдөй келечекте да карым-катнаштарыбызга бекем негиз түзүүнү улантат»,-деди.



Тектеш кабарлар