Түркияга келген чет элдик туристтердин саны

2023-жылдын январь-ноябрь айларында Түркия 52 миллион 742 миң 526 туристти кабыл алды.

2079726
Түркияга келген чет элдик туристтердин саны

Түркияга 11 айда 52,7 миллиондон ашуун турист келди.

Маданият жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 2023-жылдын январь-ноябрь айларында Түркия 52 миллион 742 миң 526 туристти кабыл алды.

Келгендердин 46 миллион 725 миң 424ү чет элдиктер, 6 миллион 17 миң 102си чет өлкөдө жашаган жарандар.

Чет элдик туристтердин санында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,82 пайыздык өсүү болду.

Түркияга 11 айда эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда  Орусия Федерациясы 23,02 пайыздык өсүү жана 6 миллион 83 миң 696 киши менен биринчи, Германия 8,73 пайыздык өсүү жана 5 миллион 959 миң 843 турист менен экинчи, Улуу Британия болсо 12,44 пайыздык өсүү жана 3 миллион 711 миң 802 киши менен үчүнчү орунду ээледи.

Бул өлкөлөрдөн кийин Болгария жана Иран турат.

Ноябрь айында Түркияга келген чет элдик туристтердин саны 2 миллион 525 миң 345ти түздү.

Ноябрь айында эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн тизмесинде Орусия Федерациясы биринчи, Германия экинчи, Болгария үчүнчү, Иран төртүнчү, Грузия бешинчи болду.



Тектеш кабарлар