Фидан - Лавров сүйлөшүүсү

Фидан сүйлөшүүдө тынчтык келишимине эртерээк кол коюнун маанисин баса белгиледи.

2079858
Фидан  -  Лавров сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү талкууланды.

Фидан сүйлөшүүдө тынчтык келишимине эртерээк кол коюнун маанисин баса белгиледи. 

Хакан Фидан Иорданиянын тышкы иштер министри Аймен Сафади менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө  Газадагы акыркы абал жана учурда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде талкууланып жаткан резолюция долбоору тууралуу пикир алмашылды.

 



Тектеш кабарлар