MITдин чалгындоо дипломатиясы Американын басма сөзүндө

Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) чалгындоо дипломатиялык иш-аракеттери Американын эң маанилүү гезиттеринен Wall Street Journal тарабынан кабарланды.

2078982
MITдин чалгындоо дипломатиясы Американын басма сөзүндө

Улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) чалгындоо дипломатиялык иш-аракеттери Американын эң маанилүү гезиттеринен Wall Street Journal тарабынан кабарланды.

Wall Street Journal гезитинин кабарында душман мамлекеттер Кансыз согуш жылдарынан кийин биринчи жолу соодалашуу максатында көп сандагы Америка жаранын кармап турганы, Түркиянын Украина-Орусия согушу башталышы менен барымта сүйлөшүүлөрүндө маанилүү роль ойногону белгиленди.

Бул контекстте кабарда 2022-жылдын 27-апрелинде Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Орусиянын ортосунда Анкарадагы Эсенбога аэропортунда болгон алмашуу тууралуу кеңири маалымат берилип, Түркиянын кийин Украина менен Орусиянын ортосунда барымта алмашууcун жүргүзгөнүн эске салды.

Гезитке билдирүү жасаган түрк аткаминер чалгындоо дипломатиясынын толугу менен ишенимге негизделгенин баса белгиледи.

«Түркия туткундарды алмаштыруу, тынчтык сүйлөшүүлөрү жана арткы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен дипломатиялык таасирин күчөткөн Жакынкы Чыгыш сүйлөшүүлөрүнүн борборунда турат»,деген кабарда Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрүндө Улуттук чалгындоо мекемесинин да роль ойногону баса белгиленди.

Америка менен Израиль Түркиядан жардам сурады.

 

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадасынын 7-октябрдагы кол салуусунан кийин башталган окуялардан улам Түркия чалгындоо дипломатиясын активдештирип чыңалууну азайтуу жана туткундарды бошотуу демилгесин көтөрдү.

Бул алкакта MİT төрагасы Ибрахим Калын, президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөсүнө ылайык, Хамастын өкүлдөрү менен катар Катар, Египет, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери, Израиль, АКШ жана Улуу Британиядагы кесиптештери менен жолугушууларды өткөрдү.



Тектеш кабарлар