Фидан кувейттик кесиптеши менен сүйлөштү

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидан кувейттик кесиптеши Сабах менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

2077649
Фидан кувейттик кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Кувейттин тышкы иштер министри Салим Абдулла аль-Жабир ас-Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидан кувейттик кесиптеши Сабах менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Кувейттин эмири шейх Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын дүйнөдөн кайтышына терең кайгырганын белгилеген Фидан, кесиптеши Сабах аркылуу Кувейт элине көңүл айтты.

Министр Фидан кувейттик кесиптеши аркылуу шейх Мишал ал-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахка да эмирлик кызматында ийгиликтерди каалады.

Фидан Түркия менен Кувейттин ортосундагы достуктун жана бир туугандыктын ар тармакта дагы да бекемделе турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар