Түрк космос саякатчысы 9-январда космоско жөнөтүлөт

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр да X социалдык медиа баракчасынан видео бөлүшүп, «9-январь 2024» датасына көңүлдөрдү бурду.

2076654
Түрк космос саякатчысы 9-январда космоско жөнөтүлөт

Түркиянын алгачкы космос саякатчысынын 9-январда учуусу пландалууда.

Эл аралык космос станциясына (ISS) бара турчу, бүткүл Европаны камтыган биринчи коммерциялык астронавт миссиясы Axiom Mission 3түн (Ax-3) X социалдык медиа аккаунтундагы постто: «Календарларыңызды белгилеңиз. A3 миссиясы 9-январдан кийин учуруу күнүн көздөйт. Европалыктардан турган экипажыбыз SpaceX Dragon менен Космос станциясына учуп кетет»,-деген сөздөр камтылды.

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр да X социалдык медиа баракчасынан видео бөлүшүп, «9-январь 2024» датасына көңүлдөрдү бурду.

Түркиянын биринчи адам башкарган космостук миссиясынын алкагында Алпер Гезеравжы, январь айында учурулгандан кийин Эл аралык космос станциясында 14 күн болуп, 13 түрдүү илимий экспериментти ишке ашырат.  



Тектеш кабарлар