Санариптик тажрыйба көргөзмөсү

Көргөзмө 20-декабрга чейин искусство сүйүүчүлөр үчүн ачык болот.

2076701
Санариптик тажрыйба көргөзмөсү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын күч жана ырааттуулуктун аралы экенин айтты.

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада Түркия Республикасынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган Санариптик тажрыйба көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Алтун Түркия кылымы көз карашын жана келечекке таасири жагынан маанилүү иш-аракеттерди ушул көргөзмөдө конкреттүү эмгектер менен көрүүгө болорун айтты.

Түркия кылымы көз карашы ишке ашкан сайын бул мамлекеттин канчалык улуу жана күчтүү экенин бүткүл дүйнөнүн көрөрүн баса белгилеген Алтун: «Биз муну так жана ачык түрдө айтып жатабыз. Улуу жана күчтүү Түркия аймактык тынчтык үчүн да, бүткүл дүйнөлүк тынчтык үчүн да зарыл. Улуу жана күчтүү Түркия - дүйнө тынчтыгынын жана глобалдык тынчтыктын кепили»,-деп баа берди.

Көргөзмө 20-декабрга чейин искусство сүйүүчүлөр үчүн ачык болот.



Тектеш кабарлар