Эрдогандан Ханука майрамына карата билдирүү

Эрдоган еврей ишениминдеги бардык жарандарды куттуктады.

2076364
Эрдогандан Ханука майрамына карата билдирүү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ханука майрамына байланыштуу билдирүүсүндө, еврей ишениминдеги бардык жарандарды куттуктады.

Тил, ишеним жана расалык негизде ар кандай басмырлоону четке каккан толеранттуулук түшүнүгүнүн, тамыры терең тарых жана цивилизациядан калган эң баалуу мурастардын бири экенине көңүл бурган Эрдоган: «Дүйнөнүн ар кайсы аймактарында ар кандай ишенимдерге жана адамдарга кол салуулар күчөп жаткан азыркы дүйнөдө ар кандай бөлүүчүлүккө каршы туруу менен бул баалуулуктарды коргоого чоң маани беребиз. Бардык жарандарыбыздын өз ишенимдерин тутуу эркиндиги кечээкидей бүгүн жана эртең да мамлекетибиздин кепилдиги астында сакталат. Коомчулугубуздун ажырагыс бөлүгү болгон еврей жарандарыбызды Ханука майрамы менен куттуктап, бакубатчылык каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар