Казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин Греция сапары

Мехмет Шимшек : «Көптөгөн орток жактарыбыз жана бай окшоштуктарыбыз менен бирге Түркия менен Греция дагы күчтүү кызматташтыкка даяр»,-деди.

2073990
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин Греция сапары

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек : «Көптөгөн орток жактарыбыз жана бай окшоштуктарыбыз менен  Түркия менен Греция дагы күчтүү кызматташтыкка даяр»,-деди.

Министр Шимшек социалдык медиа эсебинен «5-Түркия-Греция Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешине» байланыштуу англис тилиндеги билдирүүсүн бөлүштү.

Афинада өткөрүлгөн 5 - Түркия - Греция Жогорку деңгээлдеги Кызматташтык Кеңешине катышкандарын белгилеген Шимшек, грек өкмөтүнүн жылуу тосуп алуу жана меймандостугунан ыраазы болгондорун белгиледи.

Шимшек Греция сапарынын  түшүмдүү болгондугун айтып : "Улуттук экономика жана каржы министри Костис Хатзидакис менен болгон сүйлөшүүлөрүм маанилүү экономикалык маселелер боюнча өтө  түшүмдүү болду. Грециянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинде көрсөткөн колдоосуна ыраазыбыз. Көптөгөн орток жана бай окшоштуктар менен Түркия жана Греция дагы күчтүү кызматташтык үчүн  даяр. Түркия жана Грециянын ортосундагы байланыштарды күчөтүүнү сабырсыздык менен күтүп жатабыз",- деди.



Тектеш кабарлар