Түркия Израилдин Палестина жерлериндеги кеңейүүсүн катуу айыптады

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

2073438
Түркия Израилдин Палестина жерлериндеги кеңейүүсүн катуу айыптады

Түркия Израиль мекемелеринин бир тараптан Газадагы жарандарга карата кол салууларын улантып, бир тараптан да оккупациядагы Палестина жерлеринде мыйзамсыз отурукташууларын кеңейтүүсүн катуу айыптады. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : "Израилдин Чыгыш Кудста  186 акр аянтка  1800 турак жай курууга карата планынын бекитилиши кабыл алынгыс. Израиль коопсуздук күчтөрү жана отурукташуучулардын Чыгыш Кудс болгон Батыш Шериада палестиналыктарга карата жасаган террор жана зомбулук Израилдин Палестина калкын жана мамлекетин коркутуу жана алсыратуу стратегиясынын конкреттүү көрсөткүчү. Израилдин экспансионисттик менталитети туруктуу тынчтыктын негизине олуттуу зыян келтирет жана эл аралык укуктарынын бузулушуна жаңыларын кошууда»,- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар