Түркиядан Газага жардамдар

Министр Йерликая социалдык медиадан билдирүү жасады.

2070684
Түркиядан Газага жардамдар

Ички иштер министри Али Йерликая жүрөктү сыздаткан, тарыхка геноцид жана чоң зулумдук катары кирген Газа баскынчылыгына «токто» деп, Палестина элине жардам берүүнү уланта тургандарын билдирди.

Министр Йерликая социалдык медиадагы билдирүүсүндө, Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) координациясында 13-октябрдан 22-ноябрга чейин бирөөсү Президенттикке, 11и Улуттук Коргоо министрлигине таандык 12 учак жана 2 кеме менен Палестинага гуманитардык жардамдын жөнөтүлгөнүн айтты.

Йерликая 63 кызматкер менен жеткирилген жардамдардын арасында 8 талаа ооруканасы, 26 тез жардам унаасы, 215 медициналык каражат, 2 UMKE унаасы, бир жүк көтөргүч, 510 миң азык-түлүк пакети, 234 тонна ичүүчү суу, 18 миң 860 жууркан, 7 миң 400 уктоочу баштык,  250 чатыр, 50 миң кийим, 300 эки кабаттуу керебет, 896 генератор жана 70 миң 660 гигиеналык комплекттин бар экенин билдирди.

Мындан тышкары Мерсин портунда «Бестекар» аттуу экинчи кеменин жүктөө процесси аяктаганын белгилеген Йерликая, Палестина эли менен Эл аралык тилектештик күнүндө кеменин саат 12.30да Египетке жөнөгөнүн, бүгүн Эль-Ариш портуна жетүүсүнүн пландалганын жарыялады.

Министр Йерликая: «Биз жүрөктү сыздаткан, тарыхка геноцид жана чоң зулумдук катары кирген Газа баскынчылыгына «токто» деп, Палестина элине жардам берүүнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар