Эмине Эрдогандын билдирүүсү Кытай медиасында жаңырды

Эмине Эрдоган өз билдирүүсүндө: "Бүгүн биз топуракты жаздык, асманды жууркан катары колдонгон Газадагы бейкүнөө адамдардын жанындабыз, Палестинанын эркиндик үчүн күрөшүн колдойбуз»,-деген.

2071067
Эмине Эрдогандын билдирүүсү Кытай медиасында жаңырды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын, Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнүнөн улам социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсү Кытай медиасында орун алды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын түрк жана англис тилдеринде #FreePalestin хэштеги менен жазган посту, Кытайдын кеңири окулган интернет платформалары Sina, Sohu жана NetEase жаңылык порталдарында, ошондой эле көптөгөн интернет басылмаларында бөлүшүлдү.

Эмине Эрдоган өз билдирүүсүндө: "Бүгүн биз топуракты жаздык, асманды жууркан катары колдонгон Газадагы бейкүнөө адамдар менен биргебиз, Палестинанын эркиндик үчүн күрөшүн колдойбуз»,-деген.

29-ноябрь Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнүндө дүйнөлүк абийирге кайрылышкандарын белгилеген Эмине Эрдоган: "Кыргынга учураган кош бойлуу аялдар, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана бардык жарандар үчүн убактылуу ок атышпоо эмес, дароо туруктуу тынчтыкты талап кылабыз",-деген чакырыгын салган. 

7-октябрдан бери Израилдин Газага кол салууларында көбү аялдар жана балдар болгон 16 миң палестиналык каза тапты.



Тектеш кабарлар