Түркияга келген чет элдик туристтердин саны өстү

Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн арасында Орусия Федерациясы биринчи орунда турат.

2068457
Түркияга келген чет элдик туристтердин саны өстү

Түркияга келген чет элдик туристтердин саны октябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 3,83 пайыздык өсүү менен 4,99 миллионго жетти.

Туризм министрлиги жарыялаган маалыматка караганда, январь-октябрь айларында чет элдик туристтердин саны 58 пайызга өсүп 44,2 миллионду түздү.

Январь-октябрь айларында Түркияга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн арасында Орусия Федерациясы 26 пайыздык өсүү жана 5,8 миллион киши менен биринчи орунду ээледи.

Германия 8,38 пайыз жана 5,7 миллион киши менен экинчи, Англия болсо 12,3 пайыз жана 3,6 миллион киши менен үчүнчү болду.



Тектеш кабарлар