Түркия Дүйнөлүк мурастар комитетинин мүчөсү болуп шайланды

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Түркия Дүйнөлүк мурастар комитетинин мүчөлүгүнө шайланды»,-деп маалымдады.

2067715
Түркия Дүйнөлүк мурастар комитетинин мүчөсү болуп шайланды

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар комитетинин мүчөсү болуп шайланды.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Түркия Дүйнөлүк мурастар комитетинин мүчөлүгүнө шайланды»,-деп маалымдады.

Эрсой: «Түркия 4 жылдык мүчөлүгү учурунда Дүйнөлүк мурастар келишиминин аткаруучу органы болгон жана жылына бир жолу чогулган Дүйнөлүк мурастар комитетинин жыйындарында, комитеттин берки мүчөлөрү менен бирге дүйнөлүк мурастар тизмесине талапкерлерге байланыштуу чечим кабыл алуу процессинде сөз ээси болот. Өлкөбүз 1983-1989 жана 2013-2017-жылдары да Комитетте кызмат кылган»,-деди.



Тектеш кабарлар