Түркия менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр бүгүн өткөрүлөт

Тышкы иштер министрлиги, Москвада Түркия менен Орусиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде делегациялар аралык жолугушуу өткөрүлөрүн жарыялады.

2066862
Түркия менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр бүгүн өткөрүлөт

Түркия менен Орусия Федерациясынын ортосундагы Саясий кеңешмелер бүгүн Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүлөт.

Тышкы иштер министрлиги, Москвада Түркия менен Орусиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде делегациялар аралык жолугушуу өткөрүлөрүн жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Түркия менен Орусия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу жана аймактык саясий маселелер боюнча консультациялар 2023-жылдын 21-ноябрында Москвада Тышкы иштер министринин орун басары элчи Бурак Акчапар менен Орусия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басарлары Сергей Вершинин жана Александр Грушконун жетекчилигиндеги делегациялардын ортосунда өткөрүлөт»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар