21.00де жарыктарды өчүрүп-күйгүзүү акциясы
Анкара тилектештик платформасы, газалык балдар үчүн «Бир нерсе кыл» акциясынын алкагында бүгүн саат 21.00де өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө жарыктарды өчүрүп-күйгүзүү демонстрациясын өткөрө тургандарын жарыялады.

20-ноябрь Балдардын укуктарын коргоонун эл аралык күнүндө, Газада жана Палестинанын бардык жерлеринде жашаган балдардын «бала катары жашоо укугу» үчүн Түркия убактысы боюнча саат 21.00де жарыктарды өчүрүп-күйгүзүү акциясы өткөрүлөт.
Анкара тилектештик платформасы, газалык балдар үчүн «Бир нерсе кыл» акциясынын алкагында бүгүн саат 21.00де өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө жарыктарды өчүрүп-күйгүзүү демонстрациясын өткөрө тургандарын жарыялады.
Платформанын билдирүүсүндө, «Израилдин Газадагы кыргынынын 44-күнү. Израилдин согуш кылмышы катары катталган кол салууларында 13 миңден ашуун газалык жаран каза болду. Булардын арасында миңдеген балдар жана ымыркайлар бар»,-деген сөздөр камтылды.
Билдирүүдө 20-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк балдардын укуктарын коргоо күнүнө карата «Бир нерсе кыл» деген ураан менен түшүндүрүү иштери башталганы айтылып, төмөндөгүлөр белгиленди:
«Израилдин балдарга карата кыргындары аяктаганга чейин улантылышы пландап жаткан акциянын алкагында биринчи иш-чара катары 20-ноябрь дүйшөмбү күнү саат 21:00де өлкө ичинде жана чет өлкөдө жарыкты өчүрүп-күйгүзүү демонстрациясын өткөрөбүз. Алдыдагы күндөрдө ушул сыяктуу иш-чаралар аркылуу балдардын өлүмүнө каршы эл аралык коомдук пикирди жана глобалдык каршылыкты жаратабыз деп үмүттөнөбүз».
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган да 20-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк балдардын укуктарын коргоо күнүнө карата билдирүүсүндө, Израиль тарабынан өлтүрүлгөн палестиналык балдарга көңүл бурду.
Эмине Эрдоган социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «0, 1, 3, 5, 6, 8, 9... Бул сандар жөн эле сандар эмес. 7-октябрдан бери Израиль тарабынан бомбаланган Газада, эң негизги укук болгон "Жашоо укугунан ажыратылган миңдеген балдардын жаш курактарынын айрымдары. Бир туугандарын "коркпогула, жакында өлөбүз" деп сооротуп жаткан балдар үчүн кеч калдык»,-деди.
Тектеш кабарлар

АКШ Эрдоган-Мицотакис жолугушуусуна баа берди
АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы билдирүү жасады.