Эрдоган Израилдин өзөктүк куралынын кеч боло электе эч күмөнсүз текшерилиши керектигин айтты

Президент Эрдоган Германиядан кайтып келе жаткан учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2065946
Эрдоган Израилдин өзөктүк куралынын кеч боло электе эч күмөнсүз текшерилиши керектигин айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин өзөктүк куралынын кеч боло электе эч күмөнсүз текшерилиши керектигин айтты.

Президент Эрдоган Германиядан кайтып келе жатып учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Германиядагы жолугушууларында Израилдин террор мамлекети экенин ачык айткандарын түшүндүргөн Эрдоган: «Анткени, алар Израилдин кылганын өзүн коргоо катары кабыл алып, Палестинанын каршылыгын өзүн коргоо катары көрүшпөйт»,- деди.

Газа үчүн эң жакшы кадамдын ок атышпоонун тез арада түзүлүшү экенин баса белгилеген Эрдоган: «Биздин приоритетибиз ок атышпоо менен удаа туруктуу тынчтык орнотуу болот. Эгер ок атышпоого жетишилсе, Израилге келтирген кыйроонун ордун толтуруу үчүн эмне керек болсо ошону жасайбыз»,-деп айтты.

Тоскоолдуктарга карабай Газаны сактап калууну уланта тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Бул жардамга бүткүл дүйнө, өзгөчө ислам өлкөлөрү мобилизацияланышы керек»,- деди.

Израилдин ядролук куралды жайылтпоо келишимине катышуучу эмес экенин белгилеген Эрдоган: «(Израиль үчүн) Мүчө-өлкөлөр өзөктүк коопсуздук үчүн Эл аралык Атомдук Энергия Агенттигине кайрылуу менен текшерүүнү талап кылуу укугуна ээ, биз чара көрөбүз./.../ Биз Түркия катары бул чакырыкты жасап жатабыз. Өтө кеч боло электе Израилдин өзөктүк куралдары эч кандай шек туудурбагыдай түрдө текшерилиши керек»,-деп айтты.

Эрдоган Израиль өкмөтүнүн Эл аралык кылмыш сотто карала турган көптөгөн далилдер бар экенин белгиледи жана «Эгерде Израиль кылган согуш кылмыштарын бир мусулман өлкөсү кылган болсо, эл аралык соттук териштирүүлөр үчүн өзгөчө күч-аракеттин кереги жок эле процесс дароо башталмак. Биз бул кылмыштарды ачык айкын түрдө жазалоо үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Ар ким Израиль кылган кылмыштардын артынан түшпөсө да, биз аны токтотпойбуз»,-деди.

Хамастын колундагы израилдиктердин үй-бүлөлөрү ага (Эрдаганга) кат жазып, жакындарынын бошотулушу үчүн жардам сурашканын эске салган Эрдоган: «Биз израилдиктердин да, палестиналыктардын да туткунда болушун каалабайбыз./.../ Израилдик үй-бүлөлөр бизге бул ыкма менен жеткенине караганда, алар өз өкмөттөрүнөн үмүтүн үзүштү. Чалгындоо мекемебизди ишке киргиздик, алар маселени иликтеп жатышат, натыйжаларды алуу үчүн иштеп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар