Куртулмуш: "Израилдин Газага кол салуулары апачык геноцид"

Куртулмуш Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Йерховду кабыл алды.

2064994
Куртулмуш: "Израилдин Газага кол салуулары апачык геноцид"

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, бүткүл адамзат карап турган Израилдин Газага кол салууларынын кыргындан тышкары апачык геноцид экенин айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Куртулмуш Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Йерховду кабыл алды.

Куртулмуш Парламенттеги кабыл алууда, Израилдин Газага кол салуулары, анын ичинде адам укуктарынын бузулушу жана аймактагы гуманитардык кризистерге көңүл буруп, АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрүнүн маанилүү бөлүгүнүн Израилди колдоп шыктандырганына басым жасады.

Кол салуулардын кабыл алынгыс экенин белгилеген Куртулмуш, бул мыкаачылыктын жооптууларынын эл аралык соттордо сөзсүз түрдө жоопко тартыларына ишенгендерин айтты.

Түркия менен Орусиянын эки коңшу өлкө катары көптөгөн тармакта күчтүү кызматташтыгы бар экенин билдирген Куртулмуш, аймактагы кагылышуулардын жакын кызматташтыкты талап кылганын белгиледи.

Аймактан тышкаркы актерлордун жана мамлекеттердин көйгөйлөргө аралашуусу кагылышууларды дагы да күчөтөт деген пикирде экендиктерин айткан Куртулмуш, кездешкен көйгөйлөрдү жеңүүнүн эң жакшы жолунун аймактагы өлкөлөрдүн өз ара сүйлөшүүсү экенин билдирди.

Орус парламентинин эки палатасында тең жолугушууларды өткөрүүнү каалаганын белгилеген Куртулмуш, Түркия-Орусия мамилелерин кемчиликсиз деңгээлге жеткирүү үчүн парламенттер ортосундагы карым- катнаштарды жакшыртуунун орток пайда болоорун айтты.

Орусиянын Анкара элчиси Йерхов да Түркия-Орусия алакаларынын өнүгүүсүнө ыраазы болгонун билдирип; Палестина темасында Түркия менен бирдей пикирде экендерин маалымдады.



Тектеш кабарлар