Гүлер: "Греция менен сүйлөшүүлөр оң өттү"
Министр Гүлер парламентте билдирүү жасады.
2064748
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, президент Режеп Таййип Эрдогандын сапарынан кийин кезектеги Түркия-Греция аскердик Ишенимди арттыруучу чаралар жыйынынын Грецияда боло турганын маалымдады.
Министр Гүлер парламенттеги билдирүүсүндө, Греция менен сүйлөшүүлөрдүн абдан оң өткөнүн белгилеп: "Буюрса, ушундай улантабыз. Биз да буга жооп иретинде кийинчерээк Грецияга барабыз. Президентибиздин сапарынан кийин ал жерде экинчи Ишенимди арттыруучу чаралар жыйыны өтөт. Аны алар менен талкуулап, бир бүтүмгө келебиз",-деди.
Министр Гүлер датаны экинчи тараптын аныктай турганын айтты.