Түркия Европа Биримдигинин отчетуна каршылык көрсөттү

Түркия Хамас  - Израиль согушуна байланштуу аракетинин Европа Биримдиги менен" толук шайкеш эмес" экендиги тууралуу аныктамасына мактоо катары баа бергендигин билдирди.

2062271
Түркия Европа Биримдигинин отчетуна каршылык көрсөттү

Түркия Хамас  - Израиль согушуна байланыштуу аракетинин Европа Биримдиги менен "толук шайкеш эмес" экендиги тууралуу аныктамасына мактоо катары баа бергендигин билдирди. 

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдиги Комиссиясынын 2023 -  жылынын Кеңейүү  стратегиясы  документи менен Түркия да болгон бардык талапкер жана потенциалдуу  талапкер өлкөлөр үчүн даярдаган  отчетунда орун алган өзгөчө саясий критериялар менен сот жана негизги укуктар бөлүмүндөгү негизсиз айыптоолорду жана адилетсиз сындарды толугу менен четке кагарын билдирди.

"Бир тараптан талапкер өлкө Түркия менен тышкы саясат, аймактык абалдар, коопсуздук, коргонуу жана сектордук темаларда учурдагы жогорку деңгээлдеги диалог жана кызматташуу механизмдерине бөгөт болуп бир тараптан бул маанилүү  аймактарда Европа Биримдигинин саясаттарына шайкештигибиздин азайгандыгын  ортого салуу ырааттуулук эмес",- деп айтылган билдирүүдө  Израилдин Газа тилкесине карата  7 -  октябрдан бери келе жаткан агерссияга да токтолуп : "Ортоңку кылымдын караңгылыгынан  21 -  жаралган жарандык кыргындын алдында тарыхтын жаңылыш жеринде турган Европа Биримдигине дүйнөлүк баалуулуктарга, эл аралык мыйзамга  негизделген саясаттарды эскертүүнү зарыл деп эсептейбиз. жана гуманитардык принциптер Украина же Европанын башка аймактары үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө боюнча жана  Жакынкы Чыгыш үчүн да айтылыш керек. Текстте бир сын катары орун берилген, өлкөбүздүн Хамас  - Израиль согушуна байланыштуу мамилесинин биримдик менен толугу менен шайкеш эместиги тууралуу аныктамасына негизи мактоо катары баа берүүдөбүз",- деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар