Челик : "Нетаньяху өкмөтү нацисттер кылганды жасап жатат"

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидеринин орун басары жана партиянын катчысы Өмер Челик Израилдин Газага карата кол салууларына байланыштуу маалымат берди.

2062006
Челик : "Нетаньяху өкмөтү  нацисттер кылганды жасап жатат"

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидеринин орун басары жана партиянын катчысы Өмер Челик Израилдин Газага карата кол салууларына байланыштуу : "Учурда Нетаньяху өкмөтү нацисттер кылганды жасап жатат. Дүйнө муну токтотушу керек",- деди.

Челик партиянын башкы кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйынында Израилде Нетаньяху өкмөтүнүн кыргын саясатын жүргүзүп жатканын белгилеп : "Нацисттердин кылганы учурда Нетаньяху өкмөтү тарабынан жасалып жатат. Нетаньяху өкмөтү жасап жаткан нерсе нацисттер жасаган нерсеге окшош. Дүйнө буга «токто» деши керек. Антпесе адамзаттын бардык жетишкендиктери бул Нетаньяху өкмөтүн башкаргандардын, бул кыргындын саясатынын астында эзилип жок болот»,- деди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын кийинки күндөрдө жаңы бир дипломатиябаштатарын белгилеген Челик : «Азыркы учурда Түркия ортого салган ок атышпоо жана эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун түзүлүшүнө карата кепилдик механизминин турмушка ашырылышы үчүн бардык аракеттер улантылууда. Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлиги жана Улуттук чалгындоо уюму бул теманы кесиптештери менен талкуулоону улантууда",- деди.



Тектеш кабарлар