Министр Йерликая «Баатырлар» операциясы жүргүзүлүп жатканын айтты

Ички иштер министри Али Йерликая, «Баатырлар» операциясы тууралуу социалдык медиа эсебинен маалымат берди.

2060439
Министр Йерликая  «Баатырлар» операциясы жүргүзүлүп жатканын айтты

Ички иштер министри Али Йерликая, «Баатырлар» операциясынын алкагында жикчил террордук уюм ПККга таандык 21 үңкүр жана баш калкалоочу жайдын жок кылынганын билдирди.

Йерликая социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө жикчил террордук уюм террористтери тарабынан кыш айларында элет жеринде баш калкалоо үчүн даярдалган үңкүр жана баш калкалоочу жайлардын жок кылынышы үчүн 8 облуста 18 миң 500 жандарм менен «Баатырлар операциясы» жүргүзүлгөнүн белгиледи.

«Террористтердин уюгун бир-бирден талкалап жатабыз, жок кылууну улантабыз»,-деп айткан Йерликая, «Атак» тик учарларынын Жандармерия куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары (J-SİHA) менен бирге 8 облустагы операцияларга колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

Йерликая операцияларда 21 үңкүр жана баш калкалоочу жайдын талкалангандыгын, көп сандаган курал-жарак, ок-дарылар, азык-түлүк, жандык, ден-соолук каражаттары жана уюштуруу документтеринин колго түшүрүлгөнүн билдирди.

Йерликая: «Террор менен күрөшүүбүз акыркы террорист жок кылынганга дейре чечкиндүүлүк менен уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар