Куртулмуш:«Израиль адамзатка каршы кылмыш болгон жапайы кол салууларын эч нерсе менен актай албайт»

Азия Парламенттик Ассамблеясынын Төрагасы жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, Ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн парламент төрагаларына кат жолдоду.

2059097
Куртулмуш:«Израиль адамзатка каршы кылмыш болгон жапайы кол салууларын эч нерсе менен актай албайт»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) Төрагасы Нуман Куртулмуш Израилдин адамзатка каршы кылмыш болгон жапайы кол салууларын эч нерсе менен актай албасын белгиледи.

Азия Парламенттик Ассамблеясынын Төрагасы жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, Ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн парламент төрагаларына кат жолдоп, Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо үчүн жалпы саясий жоопкерчиликти аткарууга чакырды.

Куртулмуш катында аймакта акыркы мезгилде күчөгөн кагылышуулар, көп сандаган жайкын тургундардын курмандыктары жана палестиналыктардын коркунучтуу азаптарынан катуу тынчсызданганын, эл аралык укуктун ачыктан-ачык бузулушуна жана эл аралык коомчулуктун аракетсиздигине өкүнүчүн билдирди.

Газа тилкесиндеги күн өткөн сайын начарлап бараткан гуманитардык абалдан абдан тынчсызданганын белгилеген Куртулмуш:«Израиль адамзатка каршы кылмыш болгон жапайы кол салууларын эч нерсе менен актай албайт»,-деди.

Куртулмуш, жардамсыз жарандар дарылануу жана баш калкалоо үчүн жаткан ооруканаларды, мектептерди, качкындар лагерлерин, мечиттерди жана чиркөөлөрдү бутага алган чабуулдар аркылуу Газадагы кырдаал буга чейин эле коркунучтуу ырайымсыздыктын деңгээлине жеткенин баса белгиледи.

Куртулмуш:«Жакынкы Чыгышта жана башка жерлерде тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо боюнча жалпы саясий милдетти аткаруу биздин бардыгыбыздын милдетибиз»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйыны 2017-жылдын ноябрь айында өткөргөн 10-АПА Башкы Ассамблеясынан бери АПАнын мөөнөттүү төрагалыгы катары кызмат кылууда.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 7-октябрдын таңында Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израил армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Израил бийликтери Газадан жасалган чабуулдарда 317си аскер болгон 1400дөн ашуун израилдиктин каза болгонун, 5132 кишинин жараланганын жарыялады.

Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 9 миңге жакындап, 21 миңден ашуун киши жараланды. Урандылардын астында миңдеген адамдардын бар экени айтылууда.



Тектеш кабарлар