Түркия БУУнун резолюция долбоорун кубаттады

Газада тез арада гуманитардык ок ​​атышууну токтотууну талап кылган резолюция долбоору БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынгандан кийин Тышкы иштер министрлигинен билдирүү жасалды.

2057175
Түркия БУУнун резолюция долбоорун кубаттады

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында Газада тез арада гуманитардык ок ​​атышууну токтотууну талап кылган резолюция долбоорун кубаттады.

Газада тез арада гуманитардык ок ​​атышууну токтотууну талап кылган резолюция долбоору БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынгандан кийин Тышкы иштер министрлигинен билдирүү жасалды.

Билдирүүдө токтом долбоору кеңири колдоо менен кабыл алынганы кубатталганы айтылды.

Билдирүүдө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газа калкын бутага алган мыкаачылык кол салуулар алдында унчукпай жана натыйжасыз калганы белгиленип, эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн сезимдерин чагылдырган Башкы Ассамблеянын резолюциясындагы чакырыктардын жетиштүү деп эсептелбесе да тез арада ишке ашырылаарына үмүт кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө Израилди эл аралык коомчулуктун орток үнүн угууга, кол салууларды токтотууга жана тынчтыкка мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Билдирүүдө ошондой эле, «Биз бардык өлкөлөрдү өз милдеттерин аткарууга жана тарыхтын оң тарабында болууга чакырабыз»,деген сөздөр камтылган.

БУУнун Башкы ассамблеясы Газада «дароо, туруктуу жана үзгүлтүксүз гуманитардык ок ​​атышууну токтотууга чакырып, согуштук аракеттерди токтотууга" чакырган резолюцияны кабыл алган.

 

Иордания тарабынан даярдалган жана Түркия да болгон 50гө жакын өлкө тарабынан сунушталган резолюция БУУнун Башкы ассамблеясынын 193 мүчөлүү Палестина өзгөчө чукул сессиясында добушка коюлду.

Чечим 45 «калыс», 14 «каршы» жана 120 «макул» добушу  менен кабыл алынды.



Тектеш кабарлар