Эрдоган:«Бүгүн Түркия Республикасы Гази каалагандай дүйнөдө жетимдерге жардам берген өлкө»
Президент Эрдоган Республиканын жарыяланышынын 100 жылдыгына карата кайрылуусун жасады.
![Эрдоган:«Бүгүн Түркия Республикасы Гази каалагандай дүйнөдө жетимдерге жардам берген өлкө»](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/aab0/ac77/949e/653e98042fb9d.jpg?time=1718864481)
Президент Режеп Таййип Эрдоган:«Бүгүн Түркия Республикасы кудум эле Гази (Мустафа Кемал Ататүрк) каалагандай өз аймагында жана дүйнөдө жетимдерге жардам берген өлкө»,-деди.
Президент Эрдоган Республиканын жарыяланышынын 100 жылдыгына карата кайрылуусун жасады.
1923-жылдын 29-октябрында жарыяланган Республика биринчи кылымын аяктап, Түрк кылымы деп атаган экинчи кылымына аттанганын баса белгилеген президент Эрдоган:«Миң жылдык мамлекеттик салтыбыздын жаңы звеносу болгон Республикабыз бул жерлерге түптөгөн биринчи мамлекет эмес, акыркы мамлекет»,-деди.
Эрдоган Республиканын алар үчүн бир эле учурда сыймык жана бир дем булагы экенин белгилеп: «Бүгүнкү күндө Түркия Республикасы кудум эле Гази (Мустафа Кемал Ататүрк) каалагандай өз аймагында жана дүйнөдө жетимдерге жардам берген өлкө»,-деп айтты.
Кавказдан Азияга, Түркстандан Палестинага чейин кайсы жерде ыйлаган, эзилген жана муктаж бар болсо, ошол жерде жардамга келип, анын колун кармап көтөргөн Түркия бар экенин белгилеген Президент: «Түркия Республикасынын бактысына, ийгилигине жана жеңишине эч кандай империалисттик держава тоскоол боло албайт»,-деди.