Вице-президент Жевдет Йылмаз Газадагы кол салууга каршылык көрсөттү

Йылмаз Израилдин Газа кол салууларына байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

2057068
Вице-президент  Жевдет Йылмаз Газадагы кол салууга каршылык көрсөттү

Вице-президент Жевдет Йылмаз Газада бомбаланып жаткан калкка карата   гуманитардык ок ​​атышпоону жактай  албагандарга каршылык көрсөттү. 

Йылмаз Израилдин Газа кол салууларына байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

"Газада жарандар бомбалоонууда, гуманитардык ок ​​атышпоого макул деп да айта албаган саясат кабыл алынгыс»,- деди. Йылмаз мыйзамды жана адеп-ахлакты тааныбаган күчтүн бир гана зулумдук кыла аларын белгиледи.

Йылмаз бомбалангандардын бир гана балдар жана күнөөсүз адамдар эле эмес, адамзат экенине көңүл буруп : «Түркия Республикасы 1923-жылы Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн жетекчилигинде империалисттик державаларды жеңип,  эзилген элдердин үмүтү катары курулган болсо бүгүн да президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде жүз жылдык тажрыйбасы менен  дүйнөдөгү эзилген элдтн үмүтү болууда",- деди.  

Израилдин Газага 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларында 7 миң 326 киши каза болду.

 



Тектеш кабарлар