Түркиянын Палестинага карата гуманитардык жардамдары улантылууда

Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу (AФАД) төрагалыгы Түркиянын Палестинага персонал, медициналык жабдуулар, жууркан жана азык-түлүк пакеттерин жеткирүүсүн улантып жаткандыгын билдирди.

2055791

АФАДдан берилген маалыматта Түркиянын ар дайым жана бардык шарттарда эзилгендердин жанында болгондугун белгилеп, АФАДдын координациясында жүргүзүлгөн гуманитардык жардам иштеринин негизинде Палестина калкына персонал, медициналык каражаттарды, жууркан жана азык  - түлүк пакеттерин жеткирүүнүн уланып жаткандыгы  белгиленди.

Акырында Улуттук коргоо министрлигине таандык 2 жүк ташуучу учактын Түркия убактысы боюнча бүгүн саат 10 :10 жана 12 :20да Анкара Этимесгут аэропортунан учкандыгы билдирилди жана төмөнкүлөр белгиленди : "Президентикке таандык бир учак жана Улуттук коргоо министрлигине таандык  9 жүк ташуучу учак менен ушул күнгө чейин АФАД, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Түрк Кызылайынан 32 персонал, 5 миң жууркан, 12 миң 600 жардам пакети, 115 тонна медициналык каражат жана  232 генаратор аймакка жиберилди. Улутубуздан алган күч менен аймактагы негизги жана артыкчылыктуу муктаждыктарды канааттандыруу үчүн иштөөнү улантабыз».

Тектеш кабарлар