Реанимация жабдууларын жана генераторлорду ташыган 2 учак Египетке барды
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри билдирди.
2055244
Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Газага медициналык каражаттарды, реанимация жабдууларын жана генераторлорду ташыган 2 учактын Египетке жеткендигин маалымдады.
Министр Кожа, социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө : "Кечээ учуусу пландалган 4 учактын 2сү бүгүн эртең менен Египеттин Эль-Ариш аэропортуна барды. Мындан тышкары, медициналык буюмдар, реанимация жабдуулары жана генераторлоду ташыган дагы 2 учактын эртең Газа үчүн Египетке учуусу пландалууда. Адамзаттык жоопкерчилигибиз бул жерде бүтпөйт, улантылат",- деди.