Алтундан жалган маалымат эскертүүсү

Фахреттин Алтун Стамбулда өткөрүлгөн Азия-Тынч океан кабар агенттиктери ассоциациясынын (OANA) 51-конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

2054719
Алтундан жалган маалымат эскертүүсү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, басма сөз кызматкерлерин Израиль-Палестина кагылышуусунда жалган маалыматка каршы этият болууга чакырды.

Фахреттин Алтун Стамбулда өткөрүлгөн Азия-Тынч океан кабар агенттиктери ассоциациясынын (OANA) 51-конференциясынын ачылышында сөз сүйлөдү.

Алтун жалган маалымат жана дезинформация үгүттөрүнүн коомчулуктун сезимдерин башкаруу сыяктуу зыяндуу максаттары бар экенине көңүл буруп, жалган маалымат чагылгандын ылдамдыгы менен жайылып жаткан ушул заманда ар кимдин жалган маалыматка каршы этият болушу керектигин айтты.

Алтун Израиль-Палестина жаңжалынын эл аралык деңгээлде жалган маалымат менен күрөшүүнүн канчалык маанилүү экенин ачыкка чыгарганын белгилеп: «Израиль-Палестина жаңжалы боюнча маалыматтар, тастыкталган Twitter аккаунттарынын 74 пайызынын кагылышуунун алгачкы күндөрүндө туура эмес маалымат таратканын көрсөтүүдө»,- деди.

Алтун журналисттерди так маалымат берүүгө, гегемондук баяндарга каршы күрөшүүгө жана жалган кабарларга каршы чындык үчүн күрөштү биргелешип жүргүзүүгө чакырды.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Израиль-Палестина жаңжалында Жалган маалыматка каршы күрөшүү борборубуз дезинформация жана үгүттөрдү ачыкка чыгарууда маанилүү ролду ойнойт. Биз маалыматтык согуштун бул жаңжалда жаңы фронтко айланышына бөгөт болуу үчүн иштеп жатабыз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар