Президент Эрдоган Сиси менен сүйлөштү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Израиль - Палестина кагылышуусунда барган сайын курчуп бараткан абал талкууланды.

2053873
Президент Эрдоган  Сиси менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Египеттин президенти Абдель Фаттах ес  - Сиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Израиль - Палестина кагылышуусунда барган сайын курчуп бараткан абал, Израилдин Газада бейкүнөө жарандарга карата  адам укуктарын бузуулары жана чечүүчү жол үчүн таштала турган кадамдар каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган Палестина жерлерине карата ырайымсыздыктын акырындык менен тереңдеп баратканын белгилеп, батыш өлкөлөрүнүн ооруканаларды, мектептерди жана сыйынуучу жайларды бомбалоосуна карата унчукпай калышы Газадагы абалды күчөткөндүгүн айтты.  

Газадагы палестиналыктардын үйлөрүнөн көчүүгө мажбур болушунун кабыл алынгыс экенин баса белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын тынчтыкты түзүү жана Газага гуманитардык жардам жана саламаттыкты сактоо кызматтарын эң кыска мөөнөттө жеткирүү үчүн бардык аракетин уланта турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар