Эрдоган Зеленский менен сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Россия  -  Украина согушунан башка Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуулар жана аймактагы гуманитардык кризис талкууланды.

2054023
Эрдоган Зеленский менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Россия  -  Украина согушунан башка Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуулар жана аймактагы гуманитардык кризис талкууланды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган аймактагы карама - каршылыктуу процесстерди, өзгөчө Израиль - Палестина кагылышуусун тынчтык жолу менен чечүүнүн мүмкүн экендигин, Түркиянын буга жетишүү үчүн бардык аракетин жумшай тургандыгын айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар