Селчук Байрактар : Газа калкы үчүн  280 миллион лиралык гуманитардык жардам берүүгө даярбыз

Селчук Байрактар Х социалдык медиа эсебинен берген видео билдирүүсүндө Газада адамзаттык тарыхынын эң оор трагедияларынын бири болгондугун баса белгиледи.

2053659
Селчук Байрактар : Газа калкы үчүн  280 миллион лиралык гуманитардык жардам берүүгө даярбыз

Байкар башкаруу кеңешинин төрагасы Байрактар Газа үчүн 280 миллион лиралык гуманитардык жардам берүүгө даяр экендерин белгилеп : «Бардык адамзатты Газада болгон кыргындардын токтотулушу үчүн аракетке өтүүгө чакырабыз. Үнсүз калуу бул кыргындарга өнөктөш болуу»,- деди.

Селчук Байрактар Х социалдык медиа эсебинен берген видео билдирүүсүндө Газада адамзаттык тарыхынын эң оор трагедияларынын бири болгондугун баса белгиледи.

Израилдин аял, бала дебестен күнөөсүз жарандарды кыргынга учураткандыгын белгилеген Байрактар : «Ооруканаларды, мектептерди, ибадатканаларды бомбалап аскердик кылмыш кылып жатышат. Өз күбөлүгүнө кыргын менен жетишкендер  бүгүн кыргын менен укуктарын талашып жатышат. Эл аралык коомчулук аракетке өтүп, тынчтык жана адилеттик ылдам түрдө  түзүлүшү керек»,- деди.

Байкар катары Газага гуманитардык жардам берүүгө даяр экендерин айткан Байрактар буларды белгиледи : «Байкар катары Газа калкы үчүн  280 миллион лиралык гуманитардык жардам берүүгө даярбыз. Бардык адамзатты Газада болуп жаткан кыргындардын токтотулушу үчүн аракетке өтүүгө чакырабыз. Үнсүз калуу бул кыргынга өнөктөш болуу».

 



Тектеш кабарлар